04:01
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандыктар пенсиянын топтоо бөлүгүн үй сатып алууда колдоно алышат

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Юул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Анын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъектилеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мыйзамда камсыздандырылган жарандар министрлер кабинети аныктаган тартипте банктык кепилдиктерди берүүчү курулуп жаткан же курулуп бүткөн объектилердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга укуктуу деген ченем каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар