Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

17:22, 05 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, президент өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду.

Анда өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин Роман Скляр аткарары айтылган. Ал 2022-жылдын январынан бери Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.