16:46, 02 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров штаттык эмес кырдаал жаралган Бишкек ЖЭБине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Министрлер кабинетинин башчысы учурда негизги маселе жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанбашы керек экенин белгиледи.
Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.