Адыл Сыдыгалиев Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин директору болду

16:01, 02 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Адыл Сыдыгалиев Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге Садыр Жпаров кол койду.

Ал 2019-2021-жылдары «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын, ошондой эле 2021-жылдын декабрынан баштап жетинчи чакырылышынын депутаты болгон.