USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ЖЭБдеги авария. Азыр жаңыланган бөлүгүндөгү от казандар иштеп жатат

12:05, 02 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Азыр Бишкек жылуулук электр борборунун жаңыланган бөлүгүндөгү от казандар иштеп жатат. Бул тууралуу ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы от казандарды ишке киргизүү жылуулук системасындагы температуранын жогорулашын камсыз кылат. Азыр температура 45-50 градус болсо, казандарды күйгүзүү менен ал көтөрүлөт.

«Азыр канча градуска көтөрүлөрүн так айта албайбыз, бардыгы шаарга берилген суунун көлөмүнө жараша болот. Балким, 5-10 градуска жогорулайт. Азыр төрт казанды, андан кийин дагы төрт казанды ишке киргизүүгө даярданып жатабыз. ЖЭБдин эски бөлүгүндө жалпысынан 15 от казан бар. Алардын баары азырынча өчүрүлдү», — деди Нурлан Кулжыгачев.

Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика