10:41, 02 февраля 2024, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА
Борбор калаадагы ЖЭБдеги авариядан улам Бишкектин бир нече кичи райондорунда жылуулук өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Бишкек жылуулук тармагынын» директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев билдирди.
Анын айтымында, ысык суу берүү толугу менен токтотулду. Социалдык мааниге ээ эмес объектилерде жылуулук дагы өчүрүлдү.
«Бүгүнкү күндө шаардын түштүк тарабындагы — 12, 11, 6, 7, 3, 5-кичи райондордо, 8-нин бир бөлүгүндө, ошондой эле Улан жана Көк-Жар конуштарында жылуулук дээрлик жокко эсе. Ысык суу берүүгө толугу менен чектөө киргизилди. Бул жылуулук менен камсыздоо системасы тоңуп калбашы үчүн көрүлгөн зарыл чара, ал ачык», — дейт Шаршенбек Сарыкеев.
Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.