09:18, 02 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда, үчүнчүсүнүн абалы орто, дагы бирөөнүкү салыштырмалуу канааттандырарлык. Жабыркагандар I, II жана III даражадагы күйүк алышкан.
Жабыркагандарды саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барып көрдү.
«Кеңешме өткөрүлдү, дарыгерлер жеринде, дарылоо толугу менен жүрүп жатат», — деди ал.
Жабыркагандар 22, 23, 33, 34 жана 35 жашта.