Бишкек ЖЭБинде авария болуп, мектеп жана бала бакчалар онлайн окууга которулду

08:44, 02 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн түнү Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар 5-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине мэриядан билдиришти.

Маалыматта балдарды онлайнга которуу чечими кабыл алынганы белгиленди, бирок бул ЖЭБдеги аварияга байланыштуубу же жокпу тактала элек.

Социалдык тармактарда төмөндөгүдөй билдирүүлөр таратылууда:

Фото

ЖЭБдеги жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.