15:24, 01 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында жашы жете электерди кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен каракчылык кылышкан адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар түнкү саат 2:30 чамасында Темиров көчөсүнөн курч темир буюм менен коркутуп, күч колдонуп, алдыңкы үстүңкү тишин сындырып, баасы 20 миң сомду түзгөн уюлдук телефонун жана 5 миң сом акчасын алып, качып кетишкенин билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
«Милиция кызматкерлери мыйзамсыз ишке жашы жете электердин тиешеси бар экенин аныкташкан. Ошондой эле шектүү адамдардан мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефону табылып, ал буюмдук далилдер катары таанылып, кылмыш ишине тиркелген», — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.