Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды

13:14, 01 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды. Маалыматты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, кырсык Манас проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматтык унаасы Hyundai Sonata менен кагылышкан.

Фото Азаттык. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды

«Окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жол кырсыгынын себептери аныкталууда», — деп билдирди ЖКККББ.

Окуя жеринде КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да бар экени белгиленет.