Ысык-Көлдө экстремисттик материалдарды чыгарган басмакана табылды

16:36, 31 января 2024, Бишкек - 24.kg

УКМК Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы менен «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун «Жети-Өгүз» ячейкасынын активдүү мүчөлөрү жашаган жерде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын жашаган жеринен «Хизбут-Тахрир» уюмуна таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган.

«Уюмдун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылган, экстремисттик маанайдагы материалдар басылып,  ДЭУнун мүчөлөрүнө таратылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.