Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин, көрсөткүч алган упай менен эсептелинерин эскерткен.
Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Бул жемкорлук ииндексинин жогору болгонун көрсөтөрүн аталган уюм тараткан маалыматта белгиленген.
«Сот адилеттигинин cолгундаганы мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин төмөндөшүнө алып келет, бул коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзөт. Авторитардык да, демократ да лидерлер адилеттикке шек келтирүүдө. Бул коррупция үчүн жазасыз калууну күчөтөт. Пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу коррупциялык аракеттер соттордо жана башка институттарда да жайылган. Коррупция көнүмүш болгон жерде карапайым адамдардын сот адилеттигине жетиши кыйын, ошол эле кезде байлар жана бийликтегилер сот системасына таасир этип, ал бүтүндөй коомго зыяны тийип жатат», — деп айтылат уюмдун маалыматында.
Жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия жемкорлук жок үч өлкөнүн катарына кирди.
Кыргызстан Transparency International уюмунун рейтингинде 2022-жылы 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунга жайгашкан. Өлкө 2023-жылдын жыйынтыгы менен бир баскычка артка кетти.
Transparency International 1995-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жемкорлук индексин чыгарып келет. Бул изилдөө мамлекеттик сектордун кызмат көрсөтүүсүн сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт.