Кыргызстанда бир суткада 20 өрт чыкты

10:52, 30 января 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чүй облусунда беш, Ош облусунда төрт, Бишкекте үч, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарында экиден, Нарын жана Баткенде бирден өрт кырсыгы катталды.

Өрттү өчүрүүгө 21 өрт күжүрмөн эсеп тартылды.