Сузак районунда суу сактагыч курулат

17:13, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg

Сузак районунда жаңы суу сактагыч курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында билдирилди.

Маалыматта белгиленгендей, Көк-Арт суу сактагычын куруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгууга Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарба объектилерин куруу дирекциясы сынак жарыялады. Бул максатка 25 миллион сом сарптоо пландалууда. Курулуш иштери 31-декабрга чейин бүтүшү керек.

Көк-Арт суу сактагычын Жалал-Абад облусундагы Кара-Алма суусуна куруу пландалууда.