Үч жыл ичинде Орусия Кыргызстанга 5 миллион доллар жардам берген

16:08, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg

«2020-жылдан 2022-жылга чейин эле Орусия тарабынан 5 миллион доллардан ашык жардам көрсөтүлгөн», — деди бүгүн министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына автоунааларды өткөрүп берүү аземинде.

Анын айтымында, Кыргызстанга жардам берүү боюнча россиялык программалар республикада 2011-жылдан бери ишке ашырылып келет. Алардын бюджети 26 миллион доллардан ашат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына баасы 600 миллион рублдан ашкан 28 автоунаа берилди.