Бишкектеги «Шахта» барында өрт чыкты

13:03, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Абдумомунов жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Шахта» барында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Болжол менен 25 чарчы метр жер өрттөнүп кеткен.

8:54тө өрт толугу менен өчүрүлдү.

Окуя болгон жерге эки күжүрмөн эсеп тартылды. Жабыркагандар жок.