12:50, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg
Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын мэриясынын департаментине, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө балдардын коопсуздугуна кам көрүү жана алдын алуу маселелерине өзгөчө маани берүүнү тапшырды.
Мекеме Кыргызстандын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн окуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жооптуу экенин эскертти.
Эске салсак, Сокулукта үч окуучу муз тепкени барып, сууга чөгүп каза болгон.