Жаратылыш министрлигинде 100,9 миллион сомдук каржылык бузуулар аныкталды

10:49, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын мекемелик бөлүмдөрүндө 100 миллион 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Каржылык тартип бузуулар 2022-жылга карата мекемелеринин жана анын мекемелик бөлүмдөрүнүн ишине аудит жүргүзүүдө аныкталган. Анын ичинде:

  •  бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер — 11 миллион 290,7 миң сом;
  •  мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 9 миллион 459,8 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу —77 миллион 288,0 миң сом,
  •  мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар — 2 миллион 949,6 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Ички иштер министрлигине 2021-2022-жылдарга лицензияны кармап калуу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн эсептөө маселеси боюнча аудиттин материалдары жөнөтүлөт.