10:37, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана анын мекемелик бөлүмдөрүндө, карамагындагы мамлекеттик ишканаларда 2021-2022-жылдар аралыгына карата 1 миллиард 251,4 миллион сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар аныкталды:
Аудиттин жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетине, Финансы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине сунуштама жөнөтүлөт. Ошондой эле Транспорт министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдары укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилет.