Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди

10:04, 29 января 2024, Бишкек - 24.kg

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Бишкекке келген.

Фото ТИМ. Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди

Мурат Нуртлеуну «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев тосуп алышты.