USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Замир Ракиев өз каалоосу менен Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетти

16:50, 26 января 2024, Бишкек - 24.kg

Замир Ракиев өз каалоосу менен Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Аалымдар Кеңешинин кезексиз протоколдук жыйынында Замир Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды.

«Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматынан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Самидин Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекитилди.

Муфтияттын ишин ырааттуу жүргүзүп, казыяттарды, аймактардагы хатибияттарды өнүктүрүп, бир топ алгылыктуу иштерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын эмгек жамааты Замир Ракиевге ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик жана ден соолук каалашты.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика