15:05, 26 января 2024, Бишкек - 24.kg
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» туумду эсептен чыгаруу боюнча «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз» акциясын узартты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Акция 31-январга чейин улантат. Ал калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдар, ошондой эле диний уюмдар үчүн өткөрүлөт.
Февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлөр туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.
Абоненттер балансты «Мой свет» тиркемесинен жана компаниянын сайтындагы «абоненттин балансы» бөлүмүнөн таба алышат.