15:14, 25 января 2024, Бишкек - 24.kg
Тышкы иштер министрлиги Өзбекстан жарандарынын Кыргызстандын аймагында узак мөөнөттө жүрүү шарттары жөнүндө билдирүү жарыялады.
Кыргызстандын аймагында жүрүүнүн жаңы эрежелерине ылайык, чет мамлекеттердин жарандары, анын ичинде өзбекстандыктар дагы узак мөөнөткө туруу үчүн тийиштүү категориядагы визаны тариздеши зарыл. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу боюнча, визаларды тариздөө үчүн төмөнкү тарифтер колдонулат:
Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын визасына «электрондук виза» порталы аркылуу өлкөдөн чыкпастан тапшыра алышат.
«Туугандар визасын» тариздөө үчүн (КР жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө):
«Материалдык абалы жөнүндө документ катары чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн материалдык жактан камсыз кылууга кепилдик берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенмени берүүгө боло тургандыгына көңүл бурабыз. Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө визаларды тариздөө боюнча башка кошумча талаптар, анын ичинде банк эсебинде милдеттүү түрдө 50 миң сом же башка сумма болуу шарты коюлган эмес», — деп билдирди ТИМ.
Министрлик мекеменин визалык иштер секторунун расмий байланыш телефондору боюнча гана консультация жана түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууну өтүнөт: +996 312