Кыргызстандын экономика министри Кабулда Ооганстандын ТИМ башчысы менен жолукту

14:11, 25 января 2024, Бишкек - 24.kg

24-январда Кабул шаарында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Экономика министрлигинин басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды. Ооганстан тарап катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

«Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Алар өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле министрлер эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин колдоонун маанилүүлүгүн, тараптардын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.