ЖАКтын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдан депутатка чалган адамды табышты

12:43, 25 января 2024, Бишкек - 24.kg

Жазаларды аткаруу кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго телефон чалган адамды тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал № 21 мекемесинде кармалып жаткан айыпталуучу экени аныкталды. Тинтүү учурунда уюлдук телефон табылган.

«Факт боюнча ЖАКтын ички иликтөө кызматы № 21 мекемесинин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө баштады. Айыпталуучу айып изоляторуна киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин парламенттин жыйынында Нуржигит Кадырбеков ага убактылуу кармоочу жайда отурган адам чалып, ага байланыштуу эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканына нааразы болгонун айткан.