2023-жылы Салык кызматы белгиленген планды 3 миллиард сомго ашык аткарган

12:06, 25 января 2024, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249,4 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген план 3 миллиард сомго ашык аткарылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылга салыштырмалуу 41,3 миллиард сомго көп жыйналды. Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 миллиард 16,5 миллион сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 миллиард 387,4 миллион сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

«Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү максаттарга жетүүдө жана пландык көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышында негизги ролду ойноду. Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптештирүү долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты. Мындан тышкары, бул жыйынтыктарга жетишүүдө салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салыктык кызматтарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да маанилүү салым болду», — деп белгиледи Салык кызматы.