15:36
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров «Азаттык» радиосунун иши жөнүндө айтып, аны сынга алды

Президент «Азаттык» радиосу анын бийликке келишине каршы болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча комментарий берип жатып айтты.

«Сырткы кожоюндарынан «каршы тургула» деген буйрук алыштыбы, ким билсин. Айтор, Садыр Жапаровду жалаң «зектер» колдоп атат деп аянтка чогулган жөнөкөй элдин баарын «зектер» деп, дүйнө жүзүнө жар салышты. Аянтка чогулган эл мындай жалаа жапкан маалыматка жинденип, «Азаттыкты» талкалайбыз, өрттөйбүз» деп кеңсесине жөнөп калышкан экен, «койгула, сабыр кылгыла» деп араң токтотуп калгам«, — деди ал.

Президенттин айтымында, азыр эл «Азаттыкты» жек көрүп, анын көпчүлүк маалыматтарына ишенбейт.

«Ошондон кийин эл «Азаттыкты» жек көрүп калды. Азыр кыргыз эли «Азаттыктын» көпчүлүк маалыматтарына ишенбейт. Сырттан каржылаган кожоюндарынын буйругун аткарат деп билишет. Эл азыр 20-30 жыл мурдагыдай эмес, такыр башка. Кимдин ким экенин, кандай жакшы иштер жасалып жатканын, кандай кемчиликтерибиз бар экенин эч кимге айттырбай эле беш колундай билет», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар