Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналынын иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында Кыргызстандын жараны кармалды.
Анын чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашкан үйү баңгизатты Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды.
Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында жалпы салмагы 2 килограмм 166 граммды түзгөн афган гашиши табылган. Шектүү тергөө абагына киргизилди.