Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналынын иши токтотулду

16:17, 24 января 2024, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналынын иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында Кыргызстандын жараны кармалды.

Анын чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашкан үйү баңгизатты Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы. Шектүү
УКМКнын басма сөз кызматы. Табылган маңзат

Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында жалпы салмагы 2 килограмм 166 граммды түзгөн афган гашиши табылган. Шектүү тергөө абагына киргизилди.