15:40, 24 января 2024, Бишкек - 24.kg
Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн МИ-8 тик учагынын кулашы боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (учуу же ага даярдык көрүү эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.
«Иликтөө улантылууда, бир катар зарыл экспертизалар дайындалып, сурактар жана зарыл тергөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.
Эскерте кетсек, 17-январда абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган