Кармалган 11 журналисттин туугандары президентке кайрылышты

15:14, 24 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кармалган 11 журналисттин туугандары президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, ички иштер министри Улан Ниязбековго, акыйкатчы Жамила Жаманбаевага, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты.

Анда 16-январь күнү таңкы саат 6:00дө ИИМдин кызматкерлери 11 журналисттин үйлөрүн тинтип, «массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча» күбө катары алып кетишкени жазылат. Тинтүү учурунда журналисттерге жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы тиешелүү уюлдук телефондор, компьютерлер, ноутбуктар алынган. Аларга «массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча» айып тагылып, 48 саатка камалган. Бирок ошол эле күнү баш коргоо чарасы шектүү катары өзөртүлүп, 11 журналист тең 13-мартка чейин эки айга камакка алынган.

«Биздин балдарыбыз, жолдошторубуз, туугандарыбыз жалпысынан камакка алынган 11 журналист, эч качан массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан эмес. Алардын баары тең журналист катары социалдык, экономикалык жана коррупциялык маселелерди гана чагылдырып, кыргыз элине чын ниети менен кызмат кылып келишкен. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү боюнча конструктивдүү ой-пикирлерди айтып жана массалык маалымат каражаттары аркылуу көтөрүп келишкен. Алардын ар бири кыргыз элин, мекенин сүйгөн чыныгы патриот уул-кыздар. Журналисттик ишмердүүлүгүндө ар дайым кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырып келишкен», — деп билдирилет кайрылууда.

Туугандарынын айтымында, 11 журналист эч кандай саясий күчтөрдө турушпайт жана коррупциялык иштерге малынган эмес. Алардын арасында ден-соолугу жана үй-бүлөлүк шартында маселеси бар адамдар бар.

  • Сайпидиндин Султаналиевдин ден соолугу начар, жүрөктүн стенокардиясы менен жабыркайт. Бир жолу инфаркт алган. Үч кичинекей баласы бар, алардын бирөөсүнүн мүмкүнчүлүгү чектелген;
  • Мааданбек (Актилектин) Капаровдун кичинесинен башы жана бөйрөгү ооруйт. Үйүндө карыган ата-энеси бар;
  • Тыныстан Асыпбековдун атасынын 2-группадагы майыптыгы бар, карындаштары студент. Батирде турушат. Үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу.
  • Сапар Акунбековдун бөйрөгү, башы ооруйт. Дайыма баш оорусуна дары ичип турушу керек.
  • Акылбек Орозбековдун көзүнүн ички кан басымы бар, башы көп ооруп, дары ичип турат. Жубайы кош бойлуу, 2,5 жашта кызы бар. Ата-энеси пенсияда, атасы 1-топтогу майып, Акылбек үй-бүлөсүн жалгыз багат.
  • Айке Бейшекеева болгону 23 жашта. Аталары, агалары анын укугун коргоп берет деп ишенет.
  • Азамат Ишенбековдун ден соолугу начар, кан басымы бар, кичинесинен көзү ооруп, жакшы көрө албайт. Өз ата-энеси жок, чоң апасынын колунда турат. Анын жүрөгү ооруйт. Азамат Ишенбеков чоң энесин баккан жалгыз күч.
  • Махабат Тажыбек кызынын 11 жаштагы баласы бар. Азыркы убакта жалгыз карап жатат.
  • Максат Тажыбек уулунун эки жылдан бери ден соолугу начар. Атасы былтыр каза болгон. Үйүндө бойго жете элек үч өспүрүмдү жана апасын багат. Апасы башынан ооруп, күчтүү уколдорду алып жатат. Ал бул үй-бүлөнү баккан жалгыз адам.
  • Жумабек Турдалиевдин атасы жок. Пенсиядагы энесин баккан бир үйдүн жалгыз баласы. Анын өзүнүн дагы ден соолугу начар. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кызы бар, экөө тең жаш.
  • Жоодар Бузумовдун эки эжеси, бир карындашы бар. Ата-энеси пенсия курагында. Үйдө жалгыз эркек болгондуктан аларды багуу анын мойнунда.

«Президент Садыр Жапаров 2020-2021 жылдары президеттик шайлоодо талапкер болуп, 2021-жылдын 15-мартында «Азаттык» радиосуна берген маегинде «Кыргызстан демократиялык мамлекет болуп, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугу жана сөз эркиндиги сакталат» деп бизди ишендирген сөзү бар эле. Ошол себептен, биз, журналисттердин туугандары, мыйсамсыз камалган 11 журналисттин конституциялык укугун коргоо менен СИЗОдон үй камагына бошотуп берүүңүздөрдү суранабыз. Кармалган журналисттер мыйзамды сактап жана сыйлап келген инсандар. Кандайдыр бир күнөөсү болсо дагы, мыйзам алдында эч жакка качпай, жооп берүүгө даяр», — деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Кармалган 11 журналисттин бардыгы 13-мартка чейин эки айга камакка алынган.