Кытайда дагы эки жолу жер титирөө болуп, алар Кыргызстанда да сезилди

10:44, 24 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январда саат 01:11де Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллага чейин сезилген.

«Ошондой эле жер титирөө Кытай Эл Республикасында саат 02:38де кайталанып, күчү 6,5 баллга жеткен. Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.