09:50, 24 января 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 21-29-январда Болгариянын София шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу турнирдин сайтында маалымдалды.
Кыргызстандын курамасы үчүнчү дивизиондо ойнойт.
Команда алгачкы эки оюнда утулуп калды — Түркияга (2:3) жана Жаңы Зеландияга (1:12). 25-январда кыргызстандыктар Израилдин командасы менен жолугушат.
Турнирге Кыргызстандан тышкары Түркия, Жаңы Зеландия, Болгария, Мексика жана Израиль катышууда.