14:25, 23 января 2024, Бишкек - 24.kg
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия сактык банкынын акцияларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалат.
Инвестициялар боюнча агенттик министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы токтомуна ылайык акциялардын 60,95 пайызын алды. Мекеме жалпысынан 19,5 миллион акциянын ар бирин 20 сомдон сатып алган. Демек, агенттиктин акциялары 390,3 миллион сомго бааланууда.
Буга чейин Евразия сактык банкын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берүү каралган болчу.