11:52, 23 января 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бир жумада, 15-январдан 21-январга чейин 9 миң 295 курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо учуру, ошондой эле COVID-19дун 5 учуру катталды. Бул Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тууралуу билдирди.
Ооругандардын 67,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
Оорунун жогорку деңгээли Бишкек, Ош жана Чүй облустарында байкалууда. Ал эми коронавирустун бардык учурлары борбор калаада катталган.
Республика боюнча сасык тумоо, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана и COVID-19 жугуштуу ооруларынын мониторинги уланууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.