08:16
USD 87.45
EUR 90.27
RUB 0.90

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жер титирөөдөн улам кулаган таштар тазаланды

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 410-чакырымында жер титирөөдөн улам тоо боорунан кулаган топурак, таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, № 957 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды тазалап, жумуштар түнкү саат 2:20да жыйынтыкталды.

Өлкөнүн башка унаа жолдорунда мындай көрүнүштөр катталган жок.

Бүгүн түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жалпысынан алты жолу жер силкинип, алардын бары Кыргызстанда дагы сезилди.

Эң көп окулган жаңылыктар