Кытайда түнкүсүн алты жолу жер титирөө болуп, Кыргызстанда дагы сезилди
10:56, 23 января 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын жерде алты жолу жер титирөө болду. Мындай маалыматтарды Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматта көрсөтүлгөндөй:
- биринчи жер титирөө 00.09да болгон. Эпицентрдеги күчү 8 баллды түздү. «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.
- экинчиси 00.42де болгон. Анын күчү 6 баллды түзүп, Кумтөрдө 4 баллга жакын, Караколдо жана Кажы-Сайда, Нарында 3 баллга жакын сезилген;
- үчүнчүсү саат 1.36да болуп, 6 баллга жеткен. Кумтөр аймагында жер титирөө 3,5 балл, Караколдо, Кажы-Сайда, Нарында 3 баллдын тегерегинде болгон;
- төртүнчүсү 2.57де 5 балл болду. Кумтөр кениндеги силкинүү күчү 3 баллдын тегерегинде болгон;
- бешинчиси 5.19да 6 баллга жетип, Кумтөрдөгү жер титирөө 3 баллга чейин сезилген;
- алтынчысы 7.18 катталган. Күчү 5,5 баллды түзүп, Кумтөрдө 3 балл болгон.
Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.