Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары иштен алынды

16:43, 22 января 2024, Бишкек - 24.kg

Медер Машиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Медер Машиев буга чейин «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсында иштеген. 2010-2014-жылдары «Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү заводун» жетектеген.