Бишкекке азыркыдан үч эсе көп тез жардам бригадасы керек

12:09, 22 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектин калкына 100дөн ашык медициналык тез жардам бригадасы керек. Бул тууралуу Lights Podcast долбоорунда Чукул медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, күнү-түнү иштей турган 44 бригада бекитилген, бирок иш жүзүндө кадрлардын жетишсиздигинен улам 35-37 бригада чыгат.

«Ченем боюнча калктын чукул медициналык жардам кызматына болгон муктаждыгын жабуу үчүн 10 миң адамга бир бригада болушу керек. Бизде 36 миң калкка бир бригада иштейт, керектүүдөн 3-4 эсе аз. Эгер борбор калаада 1,2 миллионго жакын адам жашаарын эске алсак, 120 бригада болушу керек», — деди Егор Борисов.

Ал 170тей тез жардам бригадасы иштеген коңшу Алматы шаарын мисал келтирди.

 Постсоветтик мамлекеттердин арасынан биз бул ченем сакталбаган жалгыз өлкөбүз. Бул 1990-жылдарда жүргүзүлгөн көптөгөн реформалардын кесепети.

Егор Борисов

 Анын айтымында, Фрунзе шаарында 540 миң калкка 54 тез жардам бригадасы болгон. «1990-жылдары саламаттыкты сактоо тармагына чыгымдарды кыскартуу башталган. Тез жардам кызматы 20 бригадага чейин кыскарган. Ошол иш-аракеттердин кесепети менен азыркыга чейин күрөшүп жатабыз. Казакстан, Өзбекстан мындай реформаларды жүргүзгөн эмес», — деп белгиледи Егор Борисов.

Анын айтымында, орто эсеп менен борборго бир күндө 600гө жакын кайрылуу түшөт, болжол менен 450-500 чыгуу жасалат.

Мэрдин кошумча төлөмүн эске алганда, «103» кызматынын фельдшерлери колдоруна 17 миң сомдой, дарыгерлери айына 20 миң сомдой алышат.