16:47, 19 января 2024, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Т.Т. аттуу жаран коомдук жайларда орнотулган, адамдын жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды. Ал кылмышка шектүү болуп, качып жүргөн.
Ага карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими чыгарылган. Учурда тергөө иштери уланууда.