«Берекет Универсал» соода комплексинде контрафакттык тамекилер табылды

15:58, 19 января 2024, Бишкек - 24.kg

«Берекет Универсал» соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекилерди сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 миң 545 даана тамеки алынган.

«Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат», — деп белгиледи мекеме.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок тамекини 500 даанага чейин саткандарга 65 миң сом, ал эми 1 миңден ашуун тамеки үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.