00:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Берекет» базар комплексинин жетекчилиги алдамчылыкка айыпталууда

УКМК тарабынан «Берекет Гранд» жана «Берекет Универсал» соодагерлерине карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери «Берекет» жабык акционердик коомунун жетекчилери Болотбек Бегалиев жана Индира Аблазова ижарачыларга укук белгилөөчү документтерди бербестен соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу-сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан, алардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2 миң долларга чейин болгон.

«Соодагерлердин эсебинен мыйзамсыз баюу максатын көздөп, ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө, ЖАКтын администрациясы жеке максаттарын пайдаланып 500дөн 1 миң долларга чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган», — деп билдирди УКМК.

Соода аянтчаларын жасалма сатуудан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү ижара төлөмдөрү да алынган. Коммерциялык жайлардын жасалма ээлери өз жерлерин башкаларга кайра саткан учурларда, «Берекет» ЖАКтын демилгеси жана мажбурлоосу боюнча, ачыктан-ачык жагымсыз шарттарда кайра каттоо үчүн 100 миң сом жана соода аянтын сатуудан түшкөн пайданын 50 пайызын («Берекет Универсал» соода борборуна) төлөп беришкен. Бул бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттарды түзгөн. Ошол эле учурда бул соода комплекстеринде ишкерлерге тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 19-январда «Берекет» ЖАКтын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев жана президенти Индира Аблазова кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Өз кезегинде, соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысынын 30 пайыз арзандагандыгы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат таратышып, «Берекет» ЖАК ижарачылардын 90 пайызы үчүн ижара акысын 10 пайыз гана төмөндөтүшкөн», — деп кошумчалады УКМК.

Азыркы учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар