11:57, 19 января 2024, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвада иш сапары менен болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Анын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана кыргыз-орус өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.
Тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашты.