2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 7,6 миң сомду түздү

09:49, 19 января 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 681,54 сомду түздү. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети келтирет.

 Бул 2023-жылдын үчүнчү кварталынын деңгээлинен 75 сомго жана 2022-жылга караганда 503,22 сомго жогору.

Жашоо минимумунун структурасынын негизги бөлүгүн азык-түлүктөр ээлейт — 65 пайыз.

Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму 8 миң 579,26 сомду, пенсионерлердики 6 миң 816,47 сомду, балдардыкы 6 миң 544,88 сомду түздү

Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7 миң 931,77 сом) жана Бишкекте (7 миң 901,14 сом), эң төмөнү Талас облусунда (7 миң 129,69 сом).