Ал Кыргызстанда мындай жапырт камоолор өнөкөткө айланып баратканын Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында айтты.
Ушул эле күнү парламенттин дагы эки депутаты Сеид Атамбаев менен Балбак Түлөбаев журналисттердин иши боюнча маселе көтөрүп, Түлөбаев президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диологго барууга чакырды.
Мындан тышкары, 16-январда Temirov Live долбоорунун кеңсесинде тинтүү болуп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.
ИИМ Temirov Live и «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кечээ кечинде кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында болушат. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.