Ошто коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер имнистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну чоң суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандарга чара көрүү арызы менен кайрылган.
«Эки чала тааныш адам зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, 70 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан. Эми ошол эле адамдар дагы 200 миң сом акча талап кылып жатышканы, эгер бербесе ар-намыска шек келтирген маалыматты таратабыз деп коркутуп жатканы белгилүү болду», — деп айтылат.
Топтолгон иш-кагаздардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бири бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө белгилүү болгон жаран экени аныкталды.
16-январда Оштогу соода борборлорунун биринин унаа токтотуучу жайынан талап кылып жаткан акчанын бир бөлүгүн — 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган жаран буга чейин ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган, Коен каймана аты бар Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган Н.М. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы учурда кылмыштын катышуучуларын кармоо боюнча андан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда.