01:47
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Ихсан» кооперативинин жетекчилигине карата 700дөн ашык кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги «Ихсан Групп ЛТД» турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда «Ихсан Групп» кооперативинин жооптуу кызматкери А.О. тергөөгө келүүдөн баш тартып, качып кеткендигине байланыштуу ага 396 факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбы сырттан угузулган. Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, ага карата издөө жарыяланган.

Ошондой эле кооперативдин кызматкерлери Б.А. жана А.Э. дагы шектелүүдө. Аларга жалпы 400дөн ашык факты боюнча ошол эле берене менен айып тагылган. Материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, «Ихсан Групп» кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш фактылар боюнча жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

«Ихсан групп ЛТД» кооперативине карата жарандардын арыз менен кайрылышынын себеби, келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болгон.

Бүгүнкү күндө ал өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып, турак жай алганы белгилүү жана алар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө.

Кооперативдин баардык банктык эсебине камак (арест) салынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар