15:16, 18 января 2024, Бишкек - 24.kg
Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттердин жапырт кармалышы тууралуу айтты.
Белгилей кетсек, депутаттар Жаныбек Жоробаевдин талапкерлигин акыйкатчынын орун басары кызматына карап жатышат.
Элвира Сурабалдиеванын айтымында, оор учурларда депутаттар өздөрү журналисттерге кайрылып, алардын көйгөйүн чагылдырууну өтүнүшөт.
«Саясатта жүргөн адамдар журналисттерден сын алабыз, биз ага көнүшүбүз керек. Кыйын убакытта биз журналисттерге жалдырайбыз. Менин атамды атып кетишкенде «Азаттыкка», 24.kg агенттигине кайрылып, менин дагы позициямды берип койгулачы деп сурангам. Башка түшкөндө биз журналисттерге кайрылып, коркпогула бийликтен деп суранчубуз. Ал кездерди унутуп, кайра эле журналисттерди куугунтуктаган туура эмес. Сиздин ой-пикириңиз кандай?», — деп сурады ал Жаныбек Жоробаевден.
Жаныбек Жоробаев Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн сөз эркиндигинин принциптери сакталышы керектигин айтты.
«Мен жумушка киришкенден кийин юридикалык жагдайларды эске алып, изилдеп, жетекчилигиме сунуш киргизем», — деди ал.
Депутат Балбак Түлөбаев акыйкатчыдан журналисттер менен президенттин ортосунда көпүрө болууну суранды.
«Президент менен сүйлөшүңүз. 11 журналист деген сөз аябай жаман угулат сырттан. Болбосо бийликке каршы күчтөр муну колдонот. Биздин жакшы келаткан абийирибизди төгүп, ар кайсы жерден уят кылат. Биз бул нерсени ич ара чечип алышыбыз керек», — деди ал.
Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери24.kg агенттигинин кеңсесине 15-январда болжол менен саат 11.00дө келишип, башкы директор Асел Оторбаева, шеф-редакторлор Антон Лымарь жана Махинур Ниязованы суракка алып кетишкен. Редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык техника жана кызматкерлердин жеке телефондору алынган.
УКМК 24.kg басылмасындагы тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.
Мындан тышкары, 16-январда Temirov Live долбоорунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.
ИИМ Temirov Live и «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кечээ кечинде кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында болушат. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.