Кыргызстандыктар Түркиянын окуу жайларына тапшыра алышат. Каттоо башталды

10:22, 18 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар «Түркия стипендиялары — 2024» программасына 20-февралга чейин каттала алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, программа Түркиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде бакалавр, магистратура жана PhD докторантура багыттарында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

«Түркия Стипендиялары — 2024» програмасына каттоо сайт аркылуу гана жүрөт.

Ссылка аркылуу кеңири маалымат алууга болот.