2023-жылы өлкө 850 миң тоннадан ашык карантинге алынуучу продукция экспорттогон

16:12, 17 января 2024, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча карантинге алынуучу продукциянын экспорту 851 миң 499 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ушул мезгилинде 635 миң 281 тонна болгон.

2023-жылы Кыргызстанга экспорттолуучу карантинге алынуучу продукцияларга жалпысынан 47 миң 524 фитосанитардык сертификат берилген.